Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга келет

  • 1 год мурун

Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Мамлекет башчылары кыргыз-герман кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук жана өнөктөштүк маанайдагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин белгилешет» деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты