Германиядагы элчилик кызматкерлери атайын Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

  • 11 месяцев мурун

17-июнда Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен бирге Берлиндеги Олимпиада стадионунда өткөн 2023-жылкы атайын Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул масштабдуу спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынан 9 адамдан турган курама команда келди, анын ичинен — 6 атлет. Бул таланттуу спортчулар Кыргызстандын атынан бадминтон, пауэрлифтинг жана стол тенниси сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча катышат.

Германиядагы элчилик кызматкерлери атайын Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты
Германиядагы элчилик кызматкерлери атайын Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты
Германиядагы элчилик кызматкерлери атайын Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

Маалымат үчүн: 2023-жылкы атайын Олимпиада оюндары Германиядагы 1972-жылкы Мюнхен Олимпиадасынан берки эң ири спорттук иш-чара болуп саналат. 18-25-июнь күндөрү дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген миңдеген интеллектуалдык жана көп майыптыгы бар спортчулар спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.

Берлинде өтүп жаткан Дүйнөлүк Атайын Олимпиада оюндарынын урааны — #ZusammenUnschlagbar #UnbeatableTogether #Биргебизжеңилбеспиз. Бул спорттун бириктирүүчү күчү аркылуу инклюзивдик коомду түзүү идеясын билдирүүгө багытталган.

Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты