Германия Украинага 400 млн евролук жардам берерин жарыялады

  • 7 месяцев мурун

Германия Украинага 400 миллион евролук жаңы аскердик жардам берерин жарыялады. Украина “Гепард” танктарын, IRIS-T зениттик-ракеталык комплекстерин жана мина талаалары менен күрөшүү үчүн MRAP үлгүсүндөгү 200 даана брондолгон унаа алат.

Жардам пакетине 155 мм артиллериялык системалар үчүн ок-дарылар, минометтук ок-дарылар жана АТ-2 мина ракеталары кирет.

Мындан тышкары Украинага кышкы техника, буга чейин берилген системалардын запастык бөлүктөрүнүн комплекттери, унаалар жана учкучсуз учактар берилет.

Германия украиналык аскер кызматкерлерин окутууну да улантат.

«Жылдын аягына чейин жалпысынан 10 миң украин аскери окутулат деп күтүлүүдө. Учурда негизги көңүл төмөнкү тактикалык звенолордун жетекчилигин, башкача айтканда, топтордун, взводдордун жана роталардын командирлерин даярдоого бурулууда» деп айтылат Германиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Жаңы жардам пакети боюнча чечим “Рамштайн” форматындагы жыйындын жыйынтыгында кабыл алынды. Учурда Германия Украинага жардам көрсөтүү боюнча Европада биринчи, дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты