Германия Польшага Patriot системасын сунуштады

  • 1 год мурун

Германия Польшага Patriot ракетадан коргонуу системасын сунуштады. Бул өткөн аптада Украина менен чек арадагы айылга түшкөн ракетадан кийин Варшавага аба мейкиндинин коргоого жардам берет.

Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт билдирди.

Өткөн аптада Берлин Варшавага Польшанын аба мейкиндигин коргоону камсыздоодо жардам сунуштаган. Эгер Польша кааласа, бул максат үчүн Eurofighter немис согуштук учактары ишке кириши мүмкүн. Учактарды Польшага жайгаштыруунун зарылдыгы жок, алар немис абадан коргонуу күчтөрүнүн базасынан уча алышат.

Орусия Украинага кол салгандан бери НАТОнун мүчөлөрү Чыгыш Европадагы аба мейкиндигин коргоону күчтөндүрө баштаган. Октябрда Германия баштаган НАТОнун ондогон мүчөлөрү абадан коргонуу системаларын, анын ичинде Patriot системасын чогуу сатып алууну демилгелеген.

Польшанын чыгышында, Украина менен чек арадан алты чакырымдай жерде жайгашкан Пшеводув айылына ракета 15-ноябрь күнү түштөн кийин түшкөн. Алгач Польшанын тышкы иштер министрлиги Орусияда жасалган ракетадан эки кишинин өмүрү кыйылганын билдирген. Москва расмий Варшаванын билдирүүсүн четке кагып, «атайлап жасалган чагым» деп атаган.

Сүрөт: EPA-EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты