Германия Кыргызстан жана Өзбекстан менен мыйзамсыз мигранттарды кайтаруу боюнча келишим даярдоодо

  • 7 месяцев мурун

Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн алты мамлекет, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстан менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө.

Бул мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууга шарт түзөт.

Gazeta.uz билдиргендей, Германия өкмөтү Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения, Колумбия жана Кыргызстан менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине тез кайтарууну караган миграциялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы Ички иштер министрлигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен кабарлаган.

Басылма Борбор Азиянын эки өлкөсү менен сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылганын белгилеген. Майдын башында Өзбекстан менен, сентябрдын аягында Кыргызстан менен меморандумга кол коюлган.

Кеп мыйзамсыз качкындардын санын кыскартуу менен катар Германияга мыйзамдуу иммиграцияга мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө болуп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты