«Германия-Борбор Азия» саммити: Садыр Жапаров Берлинге кетти

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, ивестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов, Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты