Германия 14,9 млн евро карызды кечти. ЖК жана Бундестаг депутаттар жолугушуусунда дагы эмнелер тууралуу сөз болду?    

  • 1 год мурун

Бүгүн, 23-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттары Германиянын Бундестагынын депутаттары менен жолугушуусуна Гуля Кожокулова баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Бахридин Шабазов, Медербек Алиев жана Фарходбек Алимжанов жана Ойген Шмидт баштаган Бундестагдын делегациясын Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил коштоп келди.

Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

Анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалар талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Гуля Кожокулова: “Кыргызстан Европа биримдиги, анын ичинен Германия менен бардык багыттар боюнча жигердүү кызматташууга кызыкдар. Айрыкча Жогорку Кеңеш үчүн Бундестаг менен тыгыз иш алып баруу өзгөчө мааниге ээ. Анткени, демократияны бекемдөө, саясий партиялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарышын көзөмөлдөө жаатында бай тажрыйбага ээсиздер” деди.

Ошондой эле жаш адистер үчүн берилүүчү Бундестагдын эл аралык стипендиясына Кыргызстанды да кошуу демилгесин көтөргөн Гуля Кожокулова 14,9 млн евро өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды кечип, каражаттын ипотекалык насыялоо багытында жумшалышына шарт түзгөндүгү үчүн Германия тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Бундестагдын депутаты Ойген Шмидт Кыргызстан менен кызматташуу Германия үчүн да артыкчылыкка ээ экенин билдирип, айтылган бардык маселелер караларын кошумчалады.

“Эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин ролу жогору экенин эске алып, бул жаатта жигердүү алаканы калыптандырууга басым жасашыбыз кажет” деди Ойген Шмидт

Сүрөттөр: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты