Генерал-майор Кыязов эл аралык марафондо биринчи орунду ээледи

  • 1 год мурун

Милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Кыязов Бишкек эл аралык “МБулак Күз Деми – 2022”  марафонуна 10 чакырым аралыкка чуркап өзү курактуулар арасында биринчи орунду жеңип алды.

Ал 10 чакырым аралыкты 44 мүнөт 01 секундда багындырып, өзүнүн жеке рекордун койду.

Милициянын ардагери өзү курактуулар арасында 1-орунду ээлеп, алтын медаль жана диплом менен сыйланды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“МБулак Күз Деми” эл аралык марафону 6 жылдан бери жылына өткөрүлүп келет. Кыргызстандан эле эмес, дүйнөнүн 25  ашуун өлкөсүнөн бир нече миңдеген адамдар чогулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты