“Гендердик сезимтал журналистика” онлайн курсунун катышуучулары сыйланды

  • 2 года мурун

Онлайн окуу курсу аялдарга карата терс стереотиптерди, социалдык  тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле гендердик сезимтал материалдардын катарын көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

“Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун өтүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрүнөн арасында “ПолитКлиниканын”   журналисттери Кымбат Турдубекова, Гулиза Урустамбек кызы да бар. 

Сыйлыкты тапшыруу аземи 21 — октябрда Бишкек шаарында өттү. Бул сынакка катышуу үчүн, “Фейсбуктун” колдонуучулары өз алдынча онлайн курстан өтүп, жыйынтыктоочу тест тапшырып, сертификатка ээ болушкан. Сынактын шартына ылайык, Фейсбукка сертификатын жарыялаган алгачкы 20 адам сыйлык ээлери катары таанылган. Жеңүүчүлөр 1000 сомдук китеп сатып алууга сертификаттарды же акчалай сыйлык алышты.

Онлайн курс эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

Кыргыз тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/kg/courses/genderdik-sezimtal-zhurnalistika-boyuncha-onlajn-okuu-modulu/

Орус тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/ru/courses/obuchayushhij-onlajn-modul-po-genderno-chuvstvitelnoj-zhurnalistike/  

Сүрөт: Уюштуруучулар тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты