Газада барымтадагыларды бошотуу кийинки күнгө жылды

  • 5 месяцев мурун

Газа тилкесинде барымтага алынган адамдарды бошотуу 24-ноябрга жылдырылды. CNN кабарлагандай, бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирди.

Барымтадагыларды бошотуу жараяны эмне үчүн кечеңдеп жатканы айтылган жок.

«Би-Би-Синин» Иерусалимдеги кабарчысынын айтымында, ХАМАС келишимди ратификациялаган эмес. Башка бир маалыматтар боюнча, радикал топ Израилге биринчи күнү бошотула тургандардын тизмесин берген эмес. Бул механизм келишимдин бир бөлүгү болуп саналат.

Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Израил барымтадагылар бошотулмайынча алардын чоо-жайын ачыктабайт.

Шейшемби күнү кечинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси жоочулардын барымтасындагы 50 аял менен балдар төрт күндүн ичинде бошотуларын, күнүнө кеминде ондон киши кое берилерин билдирген. Бул Газа тилкесинде ок атышууну төрт күнгө токтотуу макулдашуусунун алкагында ишке ашмак.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, жаңжал башталган 7-октябрдан бери тилкеде 14 миңден ашуун киши каза тапты, алардын 40% балдар.

Cүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты