Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды  

  • 5 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги орус жана египет тараптар менен бирге Газа тилкесинен чыгууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялады.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 5-декабрда маалымдады.  

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Орусия Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү менен биргелешкен аракеттеринин натыйжасында 4-декабрда Россия өкмөтү тарабынан уюштурулган чартердик рейс менен Газа тилкесинен Египет аркылуу Каир-Москва каттамы боюнча Кыргыз Республикасынын дагы эки жараны эвакуацияланды.

Кыргыз тарап Газа тилкесинен Кыргыз Республикасынын жарандарын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

24-ноябрда Газа тилкесинен Египет аркылуу “Каир-Москва” багыты менен Кыргыз Республикасынын эки жараны эвакуацияланган.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салгандан кийин жөөт армиясы Газаны бомбалап, бир нече күн мурун операция баштаган.

7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагында барымтага 220 кишини алган. Куралдуу жоочулар жөөт шаар-кыштактарына кол салганда 1 200 кишинин өмүрү кыйылган.

Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан каза тапкандардын саны 13 миңден ашты. Алардын алты миңге чукулу балдар, 3 жарым миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

Сүрөт: КР ТИМ имараты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты