Газа секторунда 32 жашоочу каза тапты. Арасында алты бала бар

  • 2 года мурун

Израилдин коргоо армиясы Газа секторунда “Ислам жихады” тобунун аскерий кол башчыларынын бири Халед Мансур жок кылынганын кабарлады.

Мансур топто таасирдүүлүгү жагынан экинчи кол башчы болгон. Ал топтун Газа секторунун түштүк бөлүгүндөгү иши үчүн жооп берген. Жума күнү өлтүрүлгөн Тайсир аль-Жабари аймактын түндүк жагын караган. Мансур менен бирге анын орун басары Зияд Мадалаль менен бригада командири Хаттаб Амасси да каза тапты.

Жекшембиге караган түнү израиль армиясы “Ислам жихадынын” жоочуларын жок кылууга багытталган операциясын уланткан. Израиль 140тай бутага тийгенин, арасында террорчулар чабуул жасаган жер алдындагы өтмөктөр да зыянга учуратылганын билдирди.

5-августта Газа секторунда “Таң” операциясы башталгандан бери Израилге 580 ракета атылган. Алардын ичинен 120сы Газа секторунун өзүнө кулаган, 200дөйүн Израилдин ракетага каршы коргонуу систамасы зыянсыздандырган. 28 изариль жараны жеңил жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Газа секторунун саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, “Таң” операциясы башталгандан бери ал жакта 32 киши өлдү: арасында алты бала бар.

8-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Газа секторунда абалдын курчушу боюнча чукул жыйынын өткөрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты