Газа: Ооруканага урулган соккудан жүздөгөн киши мерт болгону кабарланууда

  • 6 месяцев мурун

Палестинанын саламаттык сактоо министрлиги Израилдин аба күчтөрү Газа тилкесиндеги ооруканага сокку урганын билдирди. «АльЖазира» телеканалы кеминде 500 адам каза болушу мүмкүн экенин кабарлоодо.

«Би-Би-Си» өз кабарчысына таянуу менен кабарлагандай, оорукананын аймагында жүздөгөн качкындар корголоп турган.

ХАМАС өзүнүн Telegram -каналында 600 адам каза болуп, 900дөн ашууну жарадар болгонун жазды. Уюмдун маалыматына караганда, ооруканада жарадарлар жана оорулуулар гана эмес, аткылоодон улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор да бар эле.

Израил армиясы чалгындоо маалыматтарына таянып, ооруканага кол салууга «Ислам Жихады» радикал тобунун тиешеси бар экенин билдирди. Бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн алдын ала маалыматына караганда, «жихадчылардын ийгиликсиз ракета учуруусу» соккуга себеп болгон.

Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас каза болгондорго байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады. Аббас ошондой эле Иорданиядагы саммитке сапарын токтотту.

Бул арада Тегеран, Стамбул, Бейрут, Багдат шаарларында Палестинаны колдогон акциялар башталды.

Оорукананын аткыланганы тууралуу кабардан кийин Иордан дарыясынын батыш жээгинде тополоң чыкты. Reuters агенттиги демонстранттар менен Палестина автономиясынын укук коргоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгонун кабарлады.

Газадагы ооруканага болгон соккуну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Түркиянын президенти Режеп Эрдоган, Иорданиянын падышасы Абдулла II жана Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги айыпташты.

Орусия менен Бириккен Араб Эмираттары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү суранышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты