Газа: Мектепке урулган соккудан кеминде 40 киши мерт болгону кабарланды

  • 2 месяца мурун

Израил 6-июнда Газа тилкесиндеги мектепке сокку урган. Израил аскерлери ХАМАС жана «Ислам жихады» тобу ал жерди өзүнүн базасы катары колдонуп келгенин билдирүүдө.

Би-Би-Си белгилегендей, кеп Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат качкындар лагериндеги БУУнун карамагындагы мектеп жөнүндө болуп жатат. ХАМАСтын өкүлүнүн ырастоосунда, Израилдин соккусунан 40 киши, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон.

Reuters Израилдин кезектеги соккусунун кесепеттери ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда болгонуна көңүл бурду.

Ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүп жатканын апта башында Ак үй билдирген. Бул планды өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын бир бөлүгү бошотулуп, айрымдары каза болгону кабарланган.

Сүрөт: EPA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты