ГАВИ жана ЮНИСЕФ Кыргызстанга вакцина ташуу үчүн 26 автоунаа берди

  • 2 месяца мурун

Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү аракеттеринин алкагында саламаттык сактоо министрлигине 1-июнда 26 автоунаа берилди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, унаалар көпчүлүк вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүү үчүн ылайыкталган. Андан тышкары, вакциналарды күндүн тике тийген нурларынан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.

«Бул унаалар биздин өлкөнүн эң алыскы аймактарына да вакциналарды жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн маанилүү” деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Машиналар вакциналарды облустук сактоочу жайлардан райондук кампаларга жеткирүүгө көмөктөшүп, алардын өз убагында элге жеткиликтүү болушун камсыздайт.

«Кызылча, кызамык же көк жөтөл сыяктуу коркунучтуу ооруларга каршы вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн атайын сактоо жана ташуу шарттары талап кылынат. Ошондуктан, бул инфраструктураны жакшыртуу Кыргызстандагы ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналардын болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет» деп белгиледи Кристина Бружиоло, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу.

Бул министрлик ала турган 26 унаанын биринчи бөлүгү берилди, калган 10 унаа өлкөгө 2024-жылдын июль айынын аягына чейин келет.

Унаалардын жалпы баасы 1,26 миллион долларды түзөт.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты