Гаагада Украинанын Орусияга каршы доо арызы карала баштады

  • 11 месяцев мурун

6-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы эл аралык сотунда Украинанын Орусияга каршы жазган доо арызы боюнча алгачкы угуулар өттү.

Украина орус тарап «Терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндө» жана «Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө» эки эл аралык конвенцияны бузду деп эсептөөдө.

Угуулар 14-июнга чейин уланып, андан соң процесстин чечим чыгаруу бөлүгү башталат. БУУнун сотуна чечим чыгаруу үчүн бир нече ай талап кылынат деп күтүлүүдө.

Украинанын тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Антон Кориневич Гаагадагы отурумду алты жылдык иштин кульминациясы деп атады. Анын айтымында, бул Украинанын Орусияга каршы жазган арызы эл аралык сотто карала баштаган алгачкы процесс болуп эсептелет.

Доо арызда көрсөтүлгөн кылмыштар 2014-2015-жылдары жасалган. Гаагадагы украин делегациясы аларда Орусияны жоопко тартуу үчүн башка да инструменттер бар экенин билдирди: украин элине каршы геноцид иши, Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алуу тууралуу Эл аралык кылмыш сотунун ордери жана Украинага каршы агрессиянын жүрүшүндөгү кылмыштар боюнча болочоктогу трибунал.

БУУнун эл аралык сотунун чечими эки тарап үчүн тең аткарууга милдеттүү болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты