Гаагада Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды

  • 2 года мурун

7-мартта Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Бириккен улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароону баштады.

Украина Орусиянын 24-февралда баштаган согуштук аракеттерин дароо токтоттурууну көздөйт.

Киев президент Владимир Путиндин согушту ачуу шылтоосун четке кагууда. Кремль “Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга, жайкын тургундарга каршы бир топ кандуу кылмыштардын алдын алууга” аракет көрүлөрүн билдирген.

Соттун төрагасы, америкалык судья Жоан Донахью Орусия ооз эки териштирүүгө катышпайт деп, трибуналды кабардар кылганын билдирди. Угуулар эки күнгө созулары күтүлүүдө.

Эл аралык укук боюнча эксперттердин айтымында, сот Украинанын өтүнүчүн канааттандырса да, Москванын кол салууну токтотушу күмөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты