Гаагада Израилге каршы сот өтүп жатат

  • 4 месяца мурун

Гаага Эл аралык сотунда Израилди Газа тилкесинде геноцидге айыптаган доо арыз боюнча отурум башталды. Бул тууралуу «Свобода» радиосу кабарлады. Сотко Түштүк Африка Республикасы кайрылган.

Былтыр октябрдан бери Израил армиясы Газада АКШ жана Евробиримдик террорчу деп тааныган палестиналык ХАМАС радикал тобуна каршы аскердик операция жүргүзүүдө. Операция учурунда миңдеген палестиналык курман болду.

Айыптоо корутундусу 80ден ашык барактан турат. Түштүк Африка Республикасы Израилдин аракеттери өзүн-өзү коргоонун чегинен чыкканын айтып, геноциддин белгилери бар экенин далилдөөгө умтулууда. Доогер тарап палестиналыктардын өлүмүн, аргасыз жер которууну, тамак-аш менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын жана ооруканалар курчоодон улам төрөт чектелгенин белгилеген.

Түштүк Африка Республикасы Израилди согуштук аракеттерди дароо токтотууга милдеттендире турган соттун буйругу чыгат деп үмүттөнүүдө.

Гаагадагы сот жараянынын биринчи күнүндө Израилдин желектерин жана барымтадагылардын сүрөттөрүн көтөргөн жүздөгөн адам шаардын көчөлөрүнө чыгып, сотту көздөй жөө жүрүш жасашты.

Палестинаны жактаган активисттер да демонстрацияга чыгып жатышат. Катышуучулар Газадагы калабаны токтотууга чакырган жазууларды кармап турушат.

Митингге жүздөгөн полиция кызматкерлери көз салууда. Шаршембиден бери Гаагада коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 20 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты