Гаага соту Путинди камоого ордер берди

  • 1 год мурун

Гаагадагы эл аралык сот Орусиянын президенти Владимир Путинди камоого ордер берди. Орусиянын президенти Украинанын оккупацияланган аймагынан Орусияга балдарды мыйзамсыз депортациялаган деп шектелүүдө.

Ошондой эле Орусия президентиин алдындагы балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария-Львова-Белова да Украинанын оккупацияланган аймагынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортация кылууга шектелүүдө.
Эл аралык сот бул үчүн Владимир Путин жеке жоопкерчилик тартууга тийиш деп эсептейт.  

Орусия бийлиги Украинанын аймагынан балдар Орусияга депортация болгонун төгүндөбөйт, бул “тарбиялоо” үчүн болгонун белгилейт.  

Орусия бул ордерди тааныбай турганын билдирсе, Украина муну тарыхый чечим катары эсептейт. 

Сүрөт: Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты