Гаага соту геноцид боюнча Орусияга каршы доо арызды карай баштады

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн 18-сентябрда, Гаагадагы эл аралык сотто Украинанын Орусияга каршы доо арызы боюнча алдын ала угуулар башталды. Киев Кремлди геноцид кылмыштарына айыптоодо.

Угуулар 18-сентябрдан 27-сентябрга чейин созулат. Биринчи күнү орус тарап сөз сүйлөйт, Украинага сөз 19-сентябрда берилет. Андан кийин сот ишке катышуу үчүн арыз берген дагы 30дан ашык мамлекетти угат. Алардын арасында Германия, Канада, Эстония жана Финляндия бар.

Алдын ала угуулардын жүрүшүндө орус тарап бул иш боюнча Эл аралык соттун юрисдикциясы жок экенин далилдеши күтүлүүдө. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министрлиги «атайын аскердик операциянын» мыйзамдуулугун жана «ДНР» менен «ЛНРдин» макамын талашуу Геноцид жөнүндө конвенцияга тиешеси жок экенин айткан.

Украин тарап Орусиянын Украинага каршы аракеттеринде геноциддин белгилери бар деп эсептейт. Далилдердин бири катары балдарды Украинадан мажбурлап алып кетүү эсептелүүдө. Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту буга катыштыгы бар деген шек менен Владимир Путинди камакка алууга ордер берген. Бирок сот койгон айыптарга геноцид кирбейт.

Украина геноцид боюнча конвенция бузулганы боюнча доо арызды 2022-жылдын 27-февралында Орусия бастырып киргенден үч күндөн кийин берген.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты