G20 саммити дүйнөлүк корпорацияларга салык салуу тууралуу макулдашууну жактырды

  • 2 года мурун

«Чоң жыйырмага» (G20) кирген өлкөлөрдүн лидерлери ири корпорацияларга кирешесинен 15% кем эмес салык салуу тууралуу эл аралык макулдашууну жактырышты.

«Би-Би-Си» радиосу белгилегендей, мындай жол менен «Чоң жыйырма» өлкөлөрү трансулуттук компанияларды кирешесин оффшорлорго жашыртпастан, көбүрөөк салык төлөтүүгө жетишүүгө ниеттенип жатышат.

Алгачкылардан болуп АКШ сунуштаган бул жаңы салык 2023-жылга карата күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен кол коюлган келишимди дүйнө экономикасы үчүн тарыхый деп атады. «АКШдагы ири компаниялар көбүрөөк салык төлөөгө аргасыз болгонуна карабастан, жалпысынан америкалык ишканалар менен катардагы жумушчулар утушка ээ болушат»деди ал.

Бүгүнкү күндө «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясы жалпы дүйнөнүн ички дүң продукциясынан 80% жакынын түзөт.

Сүрөттө: Брюсселде өткөн климат үчүн жүрүш. 10-октябрь 2021-жыл. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты