Гүлшайыр Абдирасулова «Кылым шамы» укук коргоо уюмун Салык кызматы текшерип жатканын билдирди

  • 1 год мурун

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Салык кызматы “Кылым шамы” уюмун текшерип, уюм менен иштешкен адвокаттарга, Садыр Жапаровду жана анын тарапташтарын, бир туугандарын жактаган адвокаттарга берилген каражатка чейин сурап, 2016-жылдан берки документтерди текшерип жатканын маалымдады.

Гүлшайыр Абдирасулова текшерүүнүн так максатын сурап, Ленин айондук салык кызматына кайрылганын айтты.  


Абдирасулова уюмду өзгөчө текшерүү атайын буюртма болушу мүмкүн деген оюн «Азаттыкка» билдирди.

«Бизди мурда деле текшеришчү. Анткени текшерүүлөр жүрүп, салыктардын ачык болгону өзүбүзгө да жакшы, анткени биз донорлорго отчет берип турабыз. Бирок бул жолу өзгөчө текшерүү болуп, биз кимди жактап бергени үчүн кайсы адвокатка канча акча бергенибизден бери сурап, тактап атышканы таңкалычтуу болуп жатат. Булар муну менен бизде иштеген адвокаттарды аныктагысы келип жатышабы же дагы башка максатта эптеп уюмдун ишин токтотууну көздөп жатышабы деген суроо туулат. Ушундан улам бул текшерүүнүн артында атайын буюртма бар окшойт деген ой жаралат»деди ал.

Кыргызстандын жарандык коомчулугу президенттик администрация мындан бир ай мурда, 2-ноябрда сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна нааразылыгын билдирип келет. Алар президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилешүүдө.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда ылайык, «чет өлкөлүк бейөкмөт уюм» деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты