Гүлчөдө сел жүрүп, өзгөчө кырдаал киргизилди  

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында 27-28-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Сел суусу турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө  кирген. Анда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.  

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Гүлчө шаарынын мэриясы тарабынан 28-апрелде өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

ӨКМ тарабынан кырсык болгон аймакка жалпы 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника тартылган. Мындан сырткары, Алай райондук жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү мекеме-уюмдардан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 388 адам, 27 техника жана 5 мотопомпа тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, сел суулары 92 турак жайга (анын ичинде 17 жер төлө, 71 короо жана 4 чарбалык курулушка) жана эки социалдык объектке (мектеп) кирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. 28-апрелге саат 22:20га карата 25 турак жай сел калдыктарынан тазаланып, анын ичинде 6 жер төлө жана 19 короо тазаланды.

Жеринде тиешелүү кызматтар тарабынан абалды турукташтыруу жана калкка жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды.

Жеринде координациялоо үчүн министрдин орун басары, полковник Искендер Сулайманов окуя болгон аймакта жүргөнү кабарланды.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты