Футбол: Кыргызстан Иран командасына 2:3 эсебинде утулуп калды
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын курама командасы менен беттешип, атаандаштардан 2:3 эсебинде утулуп калды.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү этабына чыкты. Алар Азия континентинин футбол лидерлери Иран, Катар, Өзбекстан, Түндүк Корея, БАЭ менен беттешет.
Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги
Муну бөлүшүү