Футбол: Кыргызстан — БАЭ беттеши тең чыгуу менен аяктады
- 1 год мурун
Бүгүн, 10-июнда, Бишкекте Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты.
Оюндун биринчи бөлүгүндө БАЭлик футболчулар бир гол киргизди. Ал эми оюндун акырында кыргызстандыктар бир гол киргизип, эсепти теңдеди.
Бул мелдеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында болду, тандоо туру ушуну менен соңуна чыкты.
Сүрөт: Кыргыз футбол биримдиги
Муну бөлүшүү




