Кыргызстандын улуттук футбол командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки кызматтан кетти
- 2 месяца мурун
Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин чечими менен тараптар футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки менен кызматташууну токтотуу боюнча өз ара макулдашууга келишти.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Роберт Просинечки Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.
Кыргыз футбол биримдиги Роберт Просинечкиге аткарган эмгеги, улуттук курама команданы өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Роберт Просинечкиге мындан аркы машыктыруучулук карьерасында ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.
Сүрөттө: Роберт Просинечки. КФБ
Муну бөлүшүү




