Франция учкучтары кыргызстандык кесиптештерин тик учак башкарууга окутту  

  • 7 месяцев мурун

Франциянын куткаруу кызматынын учкуч адистери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)  учкучтарын, тоо куткаруучуларын тик учак башкаруу боюнча окутту.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, учкучтар Франциянын Ички иштер министрлигинин жарандык коопсуздук боюнча тик учак тобунун тоодо куткаруу боюнча башкы учкуч-инструктору Рено Гиермэ, тоо куткаруучулары өрт коопсуздугу жана куткаруу кызматынын куткаруучусу, Тоо борборунун инструктор-куткаруучусу Антуан Талье менен машыгышты.

Алар бийик жерге конууга үйрөнүп, 5000 метр бийиктиктеги тоолорго конду.

ӨКМдин учкучтары учууну, куткаруучулар татаал тоо шарттарында авиациянын жардамы менен куткаруу иштерине үйрөнүп, ошондой эле тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

Сүрөтт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты