“Финико” аттуу каржы пирамидасын уюштургандардын бири Түркиядан кармалды

  • 6 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Интерпол Улуттук бюросу тарабынан «Финико» финансылык пирамидасын уюштуруучулардын бири кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган уюмдан Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны жабыр тарткан. Алардан тарткан жалпы зыян  1,4 млн АКШ долларын түзөт.

ИИМдин Интернолу менен Түркия ИИМнин Интерполу бирге жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында эл аралык издөө жарыяланган 43 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды.

Аталган шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык, кылмыш тобун түзүү жана ага катышкандыгы үчүн изделип жаткан.

Буга чейин ИИМдин Интерполу Грузия жана Россия  Интерполу менен бирге кылмышка катыштыгы бар Кыргыз Республикасынын Э.М. (Тбилиси шаарындагы №8 түрмөсүндө камакта,), А.Ч. (Россиядан Кыргызстанга экстрадицияланган) жана чет мамлекеттин жараны Д.К. шектүү өз мамлекетинин аймагында жасалган ушундай эле кылмыштарды жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турат.

Чет мамлекеттин Д.К. аттуу жараны финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен алдап жана ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаан кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, «Финико»аттуу каржы компаниясын уюштурган.

“Финико” компаниясынын курамына Кыргыз Республикасынын Э.М., А. Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М. аттуу жарандары кирген, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери болуп дайындалган.

2019-2021-жылдар ичинде жогорудагы адамдар уруксат берүүчү документтери жок Бишкекте 17 кеңсе жайын мыйзамсыз ачышкан.

Республиканын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы суммасы 1 млн 283 миң 414 АКШ долларын жана 5 млн 764 миң 980 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алышкан.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы таратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты