Филиппиндеги катуу жер титирөөдөн 10 киши каза тапты
- 3 года мурун
- Видео
Филиппинде шаршемби күнү кийинки учурдагы эң катуу жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Лусон аралында, Долорес пуниципалитетинен 11 чакырым алыстыкта болуп, 7 баллга жетти.
ТАСС агенттигинин бүгүн, жекшемби күндөгү маалыматына караганда, зилзаланын кеспетинен 10 киши каза тапты. Буга чейин 6 киши каза таап, төртөө дайынсыз болгону айтылып жаткан.
34, 2 миң киши эвакуация борборлоруна жеткирилди, 1,2 киши алдын-ала эвакуацияланган.
Жалпысынан 314 миң киши зилзала кырсыгына туш болду, 375 киши жабыркады жана 21,5 миң үй жабыркады, 302 үй толук жараксыз абалга келди.
43 жол жана 7 көпүрө жабыркады.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!