Ош облусунда жер титиреди

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-январда, саат 03:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жакын жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кабылан-Көл айылынын түштүк-батышынан 3 чакырым, Алга-Бас айылынын түндүк-чыгышынан 5 чакырым, Чайчы айылынын түштүгүнөн 10 чакырым, Ош шаарынын түштүгүнөн 45 чакырым алыстыкта болгон.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 баллга чейин, Лаглан, Тогуз-Булак, Алга, Тээке айылдарында 3 баллга чейин сезилген.  

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты