Филиппинде 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 1 месяц мурун
- Видео
8-июнда Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аралында 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу CNN билдирди.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча, саат 07:37 де болгон, андан кийин да бир нече жолу титиреген. Жер титирөө Хенерал-Сантос шаарын жана анын чет жакаларын да каптаган. Ал жактарда 720 миңдей киши жашайт.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн 16 киши каза болуп, 200дөй киши жаракат алган. Андан кийин каза болгондордну саны 19га жеткени айтылды.
Associated Press билдиргендей, жер титиреген учурда 1 метрге жеткен цунами да болгон.
Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос зарыл болгон жерлерде элди эвакуациядоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү тапшырмасын бергендиги айтылат.
2025-жылы 30-сентябрда Филипппинде катуу жер титиреп, 70ке жакын адам каза таап, бир нече жүздөгөн адам жаракат алган.
Сүрөт: Reuters




