Филиппинде 7,6 баллдык жер титирөө болду

  • 5 месяцев мурун

2-декабрда Филиппинде 7,6 баллдык жер титирөө болду.  АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн күчү очогунда 7,6 баллга жетти.

Ал эми Европалык-Жер Ортолук деңизи сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөө 7,5 баллдык болду.

Филиппиндин вулканология жана сейсмология институту жер титирөө 6,9 балл болгонун маалымдады. Бул институттун маалыматы боюнча, жер титирөө деңиз алдында Хинагуан шаарынан 42 чакырым алыстыкта болгон. Очогу деңиздин алдында 8 чакырымда өткөн. Цунами болуу коркунучу эскертилип, адамдар үй-жайларын таштап, качып чыгышты. Бир адам каза болгондугу, бир канчасы жарат алгандыгы айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты