Ферганада ашык салмактан арылгандарга акча төлөнөт

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров жергиликтүү кеңештин 20-декабрдагы жыйынында аймактагы тургундардын салмагын азайтуу боюнча эксперимент сунуштады.

Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлашты.

Облус башчысы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме кылып, дүйнөдөгү оорулардын 50-55% туура эмес жашоо образынан, ашыкча салмактан, аз кыймылдоодон жана туура эмес тамактануудан улам пайда болорун билдирди.

Өзбекстанда бул көрсөткүч 80% түзөт болуш керек. Туур эмес жашоо образынан улам оорулар көбөйүп жатат. Биз кант диабети менен ооругандарга анализ жүргүзүп көрдүк. 32 миң кишинин ичинен 2 миңинде гана диабеттин тубаса формасы болгон. 30 миң адам туура эмес тамактануудан, стресстен, аз кыймылдоодон жана семирүүдөн улам кант диабетине чалдыккан, — деди Бозоров.

Ал облустагы ашыкча салмагы бар тургундар бир жылдын ичинде 5 килограммдан ашык арыктаса, аларга акчалай сыйлык бериле турганын билдирди.

Биз бул боюнча чечимдер менен жоболорду даярдап жатабыз. Эгер бир жылдын ичинде 5 килограммдан ашыкка арыктаса, биз акчалай сыйлык беребиз. Район-шаарларда өзүнчө комиссиялар болот. Мисалы, бүгүн ашыкча салмагы бар жаран бейтапканага барып каттоого турат. Эгер алты айдын ичинде ал 5 килограммга арыктаса, ага 2,5 миллион сум (230 доллар) төлөп беребиз. Ар бир килограммга 500 сумдан берилет. Бул күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок башка айла жок. Бул Фергананын тажрыйбасы болот. Адам арыктагандан кийин ага акча төлөнбөй калат. Ал жеңилдеп, дүйнөгө башкача көз караш менен карай баштайт, — деди облус башчысы.

Бозоров аймактагы аткаруу органдары менен маалелер бул тажрыйбаны пропагандалоо боюнча иш алып бара тургандыгын кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты