Фарид Ниязов: Жапаров менен Ташиев бир да убадасын аткарган жок

  • 2 года мурун

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов камактан кайрылуу-кат жазды. Анын катын Фейсбук социалдык тармагында адвокат Замир Жоошев жарыялады.

Анда Фарид Ниязов 2020-жылдан бери мамлекеттик бийликтин рычагдарынын бүт баары Садыр Жапаровдун колунда экенин, мындай абсолюттук бийлик президенттик доордун башталышында эч бир президентте, Акаевде да, Бакиевде да, Отунбаевада да, Атамбаевде да, жада калса, Сооронбай Жээнбековдо да болгон эместигин белгиледи.

-23-октябрдагы Президенттин пресс-конференциясы скептиктердин кайгылуу божомолунун баарын ачыкка чыгарды. Өлкөнүн саясий жетекчилигинин стратегиялык көрө билүүсү жок, өнүгүүнүн багыттарын айтып бере албайт. Эгер сөзгө эмес, Жапаров менен Ташиевдин ишине таяна турган болсок,  учурдагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр алардын приоритеттүү багыттары эместиги көрүнөт. Алар катуу берген бир да убадасын аткарган жок,-деди Фарид Ниязов.  

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы Фарид Ниязовдун кайрылуусуна жооп бере элек.

23-октябрда жылдык маалымат жыйынында Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп билдирген.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ниязовдун 18-августтагы Орхан Инанды жөнүндө кайрылуусуна жооп кайтарган. Анда Ниязов өзүн элге саясий туткун жана күнөөсү жок болсо да жабыркагаан адам катары көрсөткүсү келип жатканы жазылган.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы үчүн кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты