Фархад Пакыров: Россиядагы санкциялар Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө (ВИДЕО)

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Россиядагы экономикалык санкциялардын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасири, кымбаттоолор жана алдыдагы абалга сереп салат.

-Акыркы күндөрдө валюта рыногундагы долларга болгон баа кескин түрдө өсүп, анын алдында сомдун куну түшүп кетти. Бул биздин экономикабызга терс таасирин тийгизип, элдин арасында дагы толук маалымат жетишпей,  ажиотаж абал болууда. 

Учурда баарыбыз эле көрүп жатабыз, Россияга болгон санкциялардын негизинде, Россиянын өзүндө да экономикалык чектөөлөр, каатчылыктар болуп,  Кыргызстанга да терс таасирин тийгизбей койгон жок.  Кыргызстан көбүнчө   импорт багытында иш алып барганыбызга байланыштуу. Кыргызстандын соода өнөктөштөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында, Казакстан, Россия, ошондой эле Кытай, Түркия өлкөлөрү менен көп иш алып барабыз.

Россия менен Кыргызстандын ортосунда тамак-аш азыктары болсун,  курулуш материалдары болсун, биз тараптан ал жакка айыл чарба азыктары, жеңил өнөр жай продукцияларын, текстиль экспорттойбуз.     

Россиядагы санкциялар Кыргызстанга терс таасирин тийгизип койду.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:  

 Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты