#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар

Фейсбук соцтармагында Ички иштер министрлиги онлайн түрдө брокерлерге жана шылуундарга алдаткан каражаттарды кайтарып берери тууралуу реклама тароодо.

#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар

Анда бул боюнча  ИИМдин киберкоопсуздук боюнча бөлүмү иштээри, консультация бекер болору, биржалардын маалымат базасында брокерлер текшерилип, акча 1-3 күндүн ичинде кайтарылары айтылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Биз алгач жарнамада көрсөтүлгөн байланыш номерлерин текшерип көрүүнү чечтик. Getcontackt колдонмосу менен кыргыз номерин текшергенибизде номер тууралуу «Эля» деген ат көрсөтүлдү. Бирок ага чалганыбызда өзүн ИИМдин кызматкери эмес, жөн гана байланыш оператору деп тааныштырган орус тилдүү адам алып, төмөнкүдөй жооп кайтарды:

“Сиз МВДга чалып жатасызбы? Учурда кайрылган  адамдардын саны көп болгонуна байланыштуу киберкоопсуздук бөлүмү жетишпей жатат.  Биз бул иштерди юридикалык компанияларга өткөрүп берип жатабыз. Киберкоопсуздук бөлүмү жалаң чоң иштер менен алектенүүдө. Сиз мага айта бериңиз, мен сиздин арызыңызды жазып коём». 

Бир нече убакыттан кийин кайра телефон чалганыбызда, номер жооп берген жок.

ИИМ бул жарнамалар фейк экенин билдирген

Мындай жарнамалар чыга баштагандан бери ИИМдин басма сөз кызматына кайрылуулар болгон. 28-январда министрлик бул тууралуу  расмий билдирүү жасап, бул алдамчылык схемасы экенин айтып, жарандарды сак болууга чакырган.

“Интернетте расмий булактардан алынган, бирок анык эмес контекстте колдонулган учурдагы милиция кызматкеринин сүрөтү таралып жатат.

Мындай аракеттер жарандарды адаштырууга багытталган алдамчылык схемаларынын бир бөлүгү болуп саналат.Ички иштер министрлиги бул маалыматты

таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүп жатат. Биз жарандарды сак болууга жана маалыматты ИИМдин расмий булактары аркылуу гана текшерүүгө чакырабыз,”-деп айтылат билдирүүдө. 

Биз жарнамада алынган сүрөттөрдү алып, кайра издөө аркылуу ИИМдин баракчасынан ал сүрөттөрдүн түп нускасын таптык.

#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар

Биринчи сүрөт Ысык-Көлдүн ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Бороновго тиешелүү.

#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар

Экинчиси ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макиловдун сүрөтү болуп эсептелет.

Бул эки сүрөт тең ИИМдин соцтармактарында жарыяланган посттордон кесилип алынып колдонулган. Ошондой эле эки сүрөттөгү кызматкер тең киберкоопсуздук бөлүмүндө иштээри тууралуу маалымат жок.

Көңүл буруучу жагдай, мындай схеманы колдонуп, шылуундук кылуу аракети биринчи жолу катталып жаткан жок.  Белгилей кетсек, брокерлерге, букмекер жана финансылык пирамидаларга алдаткан акчаны кайтарып берүүнү убадалаган көп сандагы жасалма компаниялар тууралуу “ПолитКлиника” медиасы фактчек жасаган эле. Алардын арасында  “Эл аралык киберполиция”, “Интерпол”, “ЖККУ” сыяктуу уюмдардын жана киберкоопсуздук бөлүмүнүн аттарын колдонгон сайттар да болгон.

#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар
#Фактчекинг: ИИМдин атын колдонуп, брокерлерге алдаткан акчаны кайтарууну убада кылган шылуундар

Алар соцтармактардагы реклама аркылуу адамдарды атайын сайтка багыттап, аты-жөнү, банктагы эсеп номери, картасынын коду жана CVV коду сыяктуу жеке маалыматтарын билгенге аракет кылышкан.

Ички иштер министрлиги мындай соцтармактардагы күмөндүү шилтемелерге кирбөөгө жана жеке маалыматтарды белгисиз сайттарга бербөөгө чакырат жана белгисиз номерлерден келген файлдарды көчүрбөөгө чакырат.  Шылуундукка кабылган учурда милиция кызматкерлерине түз кайрылуу сунушталат. 

Жыйынтык: ИИМдин киберкоопсуздук бөлүмүнүн атынан брокерлерге алдаткан акчаңызды кайтарып беребиз деген жарнамалар — фейк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты