Фактчек: Жарандарды алдоо жолу менен кылтакка илип, органдарын уурдап жатат деген маалымат — жалган
- 4 недели мурун
- Фактчекинг
Учурда WhatsApp мессенжеринде “Кыргызстанда “мафия” адамдарды органга сатып жатат. Абайлаңыз!” деген аудио маалымат тарап жатат. Аудиодо айым эгерде көчөдө жаш кыз-уландар же окуучулар адашып кеткенин айтып, үйүнө жеткирип коюуну суранса, аларга ишенбөөнү, анткени адамдарды органга саткандар ушундай жол менен жарандарды кылтакка илип жатышканын айтып, эскерткен.
«ПолитКлиника» медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
WhatsApp’та тарап жаткан аудиодо айым өтө маанилүү маалымат айткысы келип жатканын жана аны башкаларга таратып коюуну суранган.
“Эгер сиздерге алдыңардан бир кыз, бир эркек бала же болбосо мектеп курагындагы кыздар же балдар келип, колдоруна записка (ред. жазуу) алып алып, мен ушул жерден адашып кеттим, мени үйүмө жеткирип коюңуз деп ыйласа, боорукерлигиңерди күчөтүп, жүрөгүңөрдү оорутуп, ошол жазылган адреске алып барып баланы жеткирейин деп, эч качан ээн баштанбагыла. Биздин Кыргызстанда органдардын трансплантациясы деп указ чыккан. Садыр Жапаров кол койгон. Бизде бөйрөк менен боорду алмаштырууга уруксат деген мыйзам чыккан. Мыйзам ратификацияланып, өтүп кеткен. Ошого байланыштуу азыркы учурда жаш энелерди же болбосо, кандайдыр бир кыргыз жарандарын органга алып кетип жатышыптыр”,- деп айтылат аудиодо.
Айым эгерде жаш бала колуна даректи жазып алып, адашканын айтып, жардам сураса, сөзсүз “102” номерине чалуу керек деген.
Ошондой эле ал андан бирөөлөр бул видеону таратып коюуну суранышканын айтып: “Көрсө, бул боюнча кылмыш иштери дагы козголуптур. Кээ бир адамдар кармалыптыр мафияга катышкан”,- деген.
Адам органдарын трансплантациялоо боюнча мыйзам
Кыргызстандагы адам органдарын трансплантациясы боюнча мыйзам азыркы президент Садыр Жапаровдун тушунда гана кабыл алынган мыйзам эмес. “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо боюнча” Мыйзам алгач 2000-жылы 13-январда кабыл алынган. Мыйзамга ошол учурдагы президент Аскар Акаев кол койгон.
Андан кийин бул мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Кийин бул мыйзам курамына саламаттык сактоо жаатындагы бир нече мыйзамдар интеграцияланган “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын ичине кирген. Башкача айтканда, ал өз алдынча мыйзам катары эмес, саламаттык сактоо жөнүндөгү мыйзамдын курамына кирип, 9-главанын 2-бөлүгү (Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо) болуп жазылган. Мыйзамга Садыр Жапаров 2024-жылдын 12-январында кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, 18 жаштан өткөн дени сак жарандар гана өзүнүн макулдугу менен өпкө, боор сыяктуу органдарын бере алат. Ошондой эле, бул органдарды алган жаран менен туугандык, генетикалык байланышта болуусу керек.
Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, көзү тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында гана уруксат берилет. Мындан тышкары адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоого адистештирилген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарында уруксат берилет.
Тактап айтканда, адамдын органын алмаштыруу операциясы мурун мамлекеттик ооруканаларда гана уруксат берилсе, азыркы мыйзамга ылайык, аны жеке менчик ооруканаларда да жасоого болот. Ал эми адамдан (донордон) бөйрөк, боор сыяктуу органдарды алуу мамлекеттик ооруканаларда гана жүргүзүлөт.
Бул маалыматты кимдер тараткан?
Аталган аудиодон Марипа Муканбетовна деген ысымды угууга болот. Ал айымды таап, аудиодо айтылгандар боюнча сурадык. Ал бизге бул маалыматты Елена Алексеевна деп аталган айым айтканын жана ал жарандар сак болсун деп өзүнүн мессенжериндеги группаларга жөнөтүп койгонун билдирди.
Елена Алексеевна менен байланышып, бул маалымат тууралуу сурап көрдүк. Ал бул маалыматты Фейсбуктан көрүп калып, жакындарына гана сак болсун деп айтканын билдирди. Елена соцтармактан көргөн бул видеонун авторун же баракчанын атын эстей албасын кошумчалады. Ошондой эле, ал Кыргызстанда адам уурдоо боюнча фактылар катталганы тууралуу билбегендигин айтты.
Ушундай окуялар катталганбы?
“ПолитКлиника» медиасы жогоруда биз сөз кылып жаткан аудиодогу окуялар чындап эле Кыргызстанда катталганбы деген суроо менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрылып көрдү.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, мындай фактылар Кыргызстанда катталган эмес.
“Бизде андай маалыматтар катталган эмес. Бул дайыма милициянын көзөмөлүндө турат. Мындай фактылар менен козголгон иштер жок. Мунун баары — фейк. Жарандарга мындай келген смс-билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз”,- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы. Ошондой эле мындай маалыматтар элдин арасына дүрбөлөң салуу үчүн же болбосо өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп жана зериккенде таратылышы мүмкүн экендигин айтты.
Жыйынтык: Мафия кыргызстандык жарандарды алдоо жолу менен кылтакка илип, органдарга алып кетип жатат деп WhatsApp группаларда тарап жаткан маалымат -жалган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө мындай учурлар катталган эмес.
Аудиодогу маалыматтын булагын так аныктоого мүмкүн болгон жок. WhatsApp группаларда тарап кеткен бул маалыматты жакындарына гана айтканын билдирген жаран аны Фейсбуктан кокустан гана көрүп калган. Демек бул маалыматты эч ким чын же жалган экендигин текшербестен, андан ары тарата беришкен.
Ошондой эле аудиодо айтылган “мафия” бул иштерди президент Садыр Жапаров адамдын органдарын алмаштырууга уруксат берген мыйзамга кол койгондон кийин жасай баштады деген маалымат чындыкка дал келбейт. “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо” жөнүндөгү мыйзам 2000-жылы чыгып, ага ошол учурдагы президент Аскар Акаев кол койгон. Ал эми кийин ага бир катар өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, ага учурдагы президент Садыр Жапаров кол койгон.
Сүрөт: интернет булактары