#Фактчек: Үйлөрдүн алдында илинип турган “Сорос — Кыргызстан” фондунун жарнамасы — фонддуку эмес

Телеграмдагы “Полит Ломбард” баракчасы Кыргызстанда ишмердүүлүгүн токтоткон “Сорос-Кыргызстан” фондунун “жарнамасынын” сүрөтүн жарыялап, аны баракчага окурмандар жибергенин жазган. Маалыматта бул жарнамалар Бишкектин кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн эшигинде илинип турганы айтылган.

Жарнамада “Сорос — Кыргызстан” фонду ири медиа долбоорлордо иштөөгө жана 2026-жылы өтө турган шайлоого байкоочу болууга адамдарды кабыл алып жатканы жана “эң мыкты талапкерлер уюмдун штатына ишке алынары” жарыяланган.

“ПолитКлиника”медиасы бул жарнаманы текшерип көрдү

Жарнамада аталган “фонд” борбордо жана аймактарда жашаган жана мамлекеттик тил менен англис тилин билген 20 жаштан 35 жашка чейинки  жаштарды издеп жатканы айтылат. Анда «Өз мамлекетиңди жакшы жакка өзгөрткүң келет жана андагы абал сени канааттандырбайт”, «Сен өлкөңдүн демократиялык өзгөрүүлөр жолунда жүрүшүн каалайсың”, “Сен саясий башкарууда билимдүү жана компетенттүү бийликти гана көрөсүң” деген жазуулар да бар.

Ошондой эле жакшы жумуш акы, акысыз окутуу жана карьералык өсүү убадаланган. 

#Фактчек: Үйлөрдүн алдында илинип турган “Сорос - Кыргызстан” фондунун жарнамасы - фонддуку эмес

Расмий сайттарда жарнама тууралуу маалымат жок

“Сорос — Кыргызстан” фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин, фонддун расмий сайты иштебей калган. Бирок аталган фонддун соцтармактардагы баракчаларын карап, мындай жарнаманы таба алган жокпуз. Мисалы, “Сорос — Кыргызстандын” Инстаграм баракчасындагы эң акыркы билдирүү 2024-жылдын 11-апрелинде чыккан. Ал эми фонддун Фейсбук баракчасында акыркы билдирүү 2024-жылы 25-январда чыккан. Эске салсак, фонд Кыргызстанда ишмердүүлүгүн токтотконун 2024-жылы 15-апрелде жарыялаган. Андан бери фонддун соцтармактарына эч бир билдирүү чыккан эмес.

“Сорос — Кыргызстан” фондунун түзүүчүсү “Ачык коом” фонддорунун (The Open Society Foundations) расмий сайтынан да жогорудагы жарнама тууралуу маалымат табылган жок. “Ачык коом” фонддорунун расмий сайтына “Сорос-Кыргызстан” тууралуу маалымат 2024-жылдын 15-апрелинде, башкача айтканда, фонд өлкөдөн кетип жатканын билдирген күнү чыккан.

Жарнамадагы байланыш дарекке жазып көрдүк

Жарнамада кайтарым байланыш үчүн @soros_inbox деп аталган Телеграмдагы дарек көрсөтүлгөн. Аталган дарекке эки башка аккаунттан жазып көрдүк. Бирок эки жума бою эч кандай жооп болгон жок.

#Фактчек: Үйлөрдүн алдында илинип турган “Сорос - Кыргызстан” фондунун жарнамасы - фонддуку эмес
#Фактчек: Үйлөрдүн алдында илинип турган “Сорос - Кыргызстан” фондунун жарнамасы - фонддуку эмес

Эске салсак, 2024-жылдын 15-апрелинде  “Ачык Коом” фонддору Кыргызстанда “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүгүн токтотконун жарыялаган. Анда аталган фонд бул чечимди Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, анда чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө чаржайыт жана так аныкталбаган чектөөлөр киргизилип жатканына байланыштуу кабыл алганын билдирген.

Жыйынтык: Бишкектеги турак үйлөрдүн алдында илинип турган “Сорос Кыргызстан” фондунун жарнамасы шек жаратат. Жарнама тууралуу маалымат фонддун расмий баракчаларында кездешпейт. Жарнамада байланышуу үчүн бир гана Телеграмдан дарек көрсөтүлгөн. Бирок эч кандай жооп берилбейт. Ал эми фонд Кыргызстанда ишмердүүлүгүн 2024-жылдын 15-апрелинде токтоткон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты