“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады

  • 1 месяц мурун

“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады. Бул тууралуу аталган фонддун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, анда чет өлкөдөн каржыланган жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгүнө чаржайыт жана так аныкталбаган чектөөлөр киргизилип жатканына байланыштуу “Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүгүн токтотот.

“Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондун 1993-жылы, кыргыз өлкөсү оор социалдык-экономикалык кризис абалында Советтер союзунан эгемендүүлүгүн жаңы алган кезде негиздеген.

«Андан аркы отуз жыл ичинде фонд өкмөт жана жарандык коом менен иштешип, өлкө боюнча ар кандай долбоорлорду колдоо үчүн 115 миллион доллардан ашык каражат тартты. Бул долбоорлор билим берүү жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча демилгелерди колдоо, жаңы санариптик технологиялардын элге жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, өлкөнүн жазык сот адилеттигин жана юридикалык жардам системасын реформалоо сыяктуу иштерди камтыйт. Эми өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн мындай ак-ниет аракеттер “чет элдик өкүлдөр” деген адилетсиз мөөр менен белгиленмекчи.

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргызстандын жарандары башкарган жергиликтүү коммерциялык эмес уюм, бирок ал чет өлкөдөн каржылангандыктан, жаңы мыйзамдык чектөөлөргө дуушар болот. Мындан тышкары, “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнүн ашкере чаржайыт аныктамасы фонд үчүн да, анын өнөктөштөрү үчүн да терс кесепеттерге же күтүлбөгөн тобокелдиктерге алып келмекчи.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 7-февралдагы билдирүүсүндө, жаңы мыйзам “Кыргызстандагы жарандык коомго, укук коргоочуларга жана маалымат каражаттарына кескин терс таасирин тийгизиши мүмкүн” деп белгилеп кеткен», — деп жазылат билдирүүдө.

2-апрелде президент Садыр Жапаров талаштуу “Чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбооруна кол койгонун Фейсбук баракчасына жазган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты