#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Инстаграм соцтармагындагы kyrgyzstan.jardam баракчасы акчалай жардам берүүнү суранып, ар кандай оорулуу балдардын сүрөт-видеолорун жарыялайт. Посттордо кичинекей балдар тууралуу маалыматтар таптакыр кездешпейт. Бир гана жардам суралып, МБанк, О!Деньги жана Бакай Банктын эсептик номурлары көрсөтүлгөн. 

“Политклиника” медиасы бул баракчанын ишмердүүлүгүн текшерип көрдү.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Баракча тууралуу маалымат

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

kyrgyzstan.jardam баракчасы 2024-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын аймагында ачылган. Мындан улам анын автору Кыргызстандан эмес деп айтууга негиз бар. Аккаунт аталышын 18 ирет өзгөрткөн. Аз убакыт мурун ачылган баракча үчүн аталышынын көп жолу өзгөртүлүшү шек жаратат.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Баракчада 11 публикация жүктөлгөн, ал эми катталуучуларынын саны 9 миңден ашат. Башка баракчаларга катталган эмес. Баракчанын “максаты — муктаж адамдарга жардам берүү” деп көрсөтүлгөн. Диний сезимдерди ойготуучу билдирүүлөр да кездешет.

Баракчада жарыяланган оорулуу кичинекей балдар тууралуу посттор шек жаратат

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Бул постто ихтиоз (тери оорусу) менен жабыркаган кичинекей кыздын видеосу берилген. Видеого 38 миңден ашык лайк басылып, 2 500дөй комментарий жазылган. Постто кыз тууралуу маалыматтар таптакыр жок. Бир гана банктын эсептик номуру көрсөтүлгөн. Посттун алдындагы жазууларда диний сезимди козгогон сөздөр кездешип, 2 млн сом жетпей жаткандыгы айтылып, 500-1000 сом которуп коюуңузду өтүнөт.

Бул кичинекей кыз тууралуу маалымат издеп, өзбекстандык Darakchi медиасынын Телеграмдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынан таптык. Андагы маалыматтарга караганда, видеодогу кыздын аты Сугдиёна, ал 3 жашта. Маалыматта жакын туугандардын никесинен төрөлгөн Сугдиёна “ихтиоз” деп аталган тери илдети менен күрөшүп жатканы айтылат. Ошондой эле, бул оор илдет кызды абдан кыйнап жаткандыктан, аны Ташкентке алып барып дарылоого туура келип жаткандыгы тууралуу маалымат берилген. Мындан улам кызга жардам берүү үчүн анын апасынын банктык эсеби жана телефон номуру көрсөтүлгөн.

Жогорудагы кыргызча баракчадагы банктык эсеп расмий маалыматтагы эсепке дал келбейт. Мындан улам kyrgyzstan.jardam баракчасы видеону уурдап алып, шылуундук менен алектенип жатат деп айтууга болот.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Ал эми бул постто оң колу коркунучтуу шишип кеткен наристенин видеосу берилген. Бирок мында да наристе тууралуу маалымат берилген эмес. Бир гана МБанктын номуру берилген. Ал эми посттун алдындагы жазуу мурунку посттордогу жазуулардан эч айырмаланбайт. Мында да чогултууга 1 млн сом калгандыгы айтылып, ошол эле реквизиттер берилген.

Бул наристе тууралуу интернеттен издеп, видео мындан бир жыл мурун ВКонтакте соцтармагында “Жаксы адамдарым” деп аталган казак тилиндеги баракчага чыкканын билдик. Видеонун толук вариантында бул наристе Казакстандын аймагында жашаганын билүүгө болот. Анда анын атасы казак тилинде баласын Түркияга дарылоого алып бара жатканын айтып, элден жардам сурап кайрылган. Ошондой эле видеодо Казакстандын банктарынын эсептик номурлары берилген.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет
#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

kyrgyzstan.jardam баракчасы дагы башка буга окшогон видеолорду чыгарып турат. Тилекке каршы, видеолордун түп нускасын таба алган жокпуз. Бирок алар дагы шек жаратат. Анткени ал видеолордо да жаш балдар тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Бул бала ким, кандай дарт менен ооруп жатат, которулган акчалар эмнеге жумшалары эч айтылган эмес. Бардык посттордун алдындагы жазуулар жана банктын эсептик номурлары окшош.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Баракчадагы телефон номуру жана банктык эсептер кимге тиешелүү?

Посттордо көрсөтүлгөн номур (+996507764585) боюнча чалганыбызда, ал өчүк болуп чыкты. Посттордун биринде колдонуучу аталган номурдун өчүк болуп жатканын айтып, билдирүү калтырган.

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет
#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Посттордо Бакай Банктын, МБанктын жана О!Деньгинин эсептери берилген. Аларды текшерип көрүп, бул банктык эсептер Абдумавлонов Бекзод Равшан угли (Abdumavlonov Bekzod Ravshan ugli) деген адамга тиешелүү экендигин таба алдык. Эске салсак, биз текшерип жаткан kyrgyzstan.jardam баракчасы Өзбекстандын аймагында ачылган.

Мисалы, Бакай Банкта:

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет
#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

О!Деньги: 

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет
#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

МБанк:

#Фактчек: Инстаграмдагы кичинекей балдарга акча чогулткан баракча шылуундук менен алектенет

Жыйынтык: kyrgyzstan.jardam баракчасы интернеттеги ар кандай дарт менен ооруган кичинекей балдардын, наристелердин сүрөт-видеолорун уурдап алган. Ошондой эле балдар тууралуу таптакыр маалымат берген эмес. Бардык балдарга бир эле эсептик номур колдонот жана которулган акчалардын кайда жумшалганы тууралуу да отчёт бербейт. Көрсөтүлгөн номур болсо, өчүк. Баракчанын автору жалаң кичинекей  жана оорукчан балдардын жан кейитерлик абалын, ошондой эле адамдардын диний сезимдерин козгоочу сөздөрдү колдонуп, шылуундук менен алектенет.  Шылуундардан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты