Бир жылда кыргызстандыктар шылуундарга 826 млн ашык сом алдаткан. Анын 74 млн сомго жакыны гана кайтарылган
- 1 месяц мурун
- Баяндар
2025-жылы кыргызстандыктар шылуундарга 826 миллион 495 миң 682 сомун алдаткан. Анын 73 миллион 896 миң 429 сому кайтарылган.
Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 12-мартта, парламент жыйынында Жогорку Кеңештин 2025-жылдын 25-июнундагы «Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу» маселе каралып жатканда депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жообунда билдирди.
Токтомдун демилгечиси, депутат Медербек Алиев аталган документтин максаты тууралуу маалымат берип, укук коргоо органдарына берилген тапшырмаларга учкай токтолду. Анын айтымында, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага жана Улуттук банкка ар квартал сайын Жогорку Кеңешке тиешелүү маалымат берип туруу милдеттендирилген.
Депутат Элвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигиндеги киберкоопсуздук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, 2025-жылы кыргызстандыктар уурдаткан каражаттардын суммасы тууралуу сурады.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин билдирүүсү боюнча, 2025-жылы кыргызстандыктар алдамчыларга 826 миллион 495 миң 682 сомду алдаткан, анын ичинен 73 миллион 896 миң 429 сом кайтарылган.
Ички иштер министринин орун басарынын пикиринде акчаны кайра кайтаруу көрсөткүчү аз болуп жатышынын себеби, алданып калгандар бул тууралуу кеч, 1-2 суткадан кийин билдирип, шылуундар акчаны чет өлкөлөргө чыгарып кетип жаканы болууда.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бардык жарандар үчүн жоопкерчилик болушу керектигин, алар СИМ карта, эсептерин алдамчыларга саткан фактылар болуп жатканын билдирди.
Депутат Алтынбек Кылычбаев дропперликке каршы күрөшүү жаатындагы тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү керек экенин белгилеп, мындай схемаларга көбүнчө жаштар жана жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып жатканын белгиледи.
Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев билдиргендей, дропперлердин жашы 25 жашка чейинкилер болууда. Дропперлер арасында 18-25 жашка чейинкилер 60%ды түзүүдө.
Ал эми шылуундар менен иш алып барган 4 банк бар экени айтылды, алардын ичинен “Оптима банк” биринчи орунда турганы белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




