Эзелтен эмгек — жыргалчылыкка жетүүнүн эң адал жолу болуп келген. Эмгек министрлигинин куттуктоосу
- 12 месяцев мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин атынан министр Равшан Сабиров 1-май – эмгек күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Эзелтен эмгек — жыргалчылыкка жетүүнүн эң адал жана асыл жолу болуп келген. Ошондуктан бул күн жөн гана майрам эмес, бул ар кайсы мезгилдеги эмгекчилдерге болгон сый-урматтын жана достуктун символу. 1-Май — бул тынчтык, эмгек жана эл достугун, ар кандай муундарды жана маданияттарды бириктирген, жаратмандыкка, түшүнүүгө жана биримдикке шыктандырган майрам.Бүгүн биз өлкөбүздүн келечегин түзүп жаткан баардык кесип ээлерин урматтайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамдын эмгекке болгон укугун кепилдейт. Бул – кесип тандоо эркиндиги, өзүнүн эмгек жөндөмдүүлүгүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгү жана коопсуз, ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарында иштөө укугу дегенди билдирет.
2025-жыл эмгек тармагы үчүн өзгөчө маанилүү жыл болду. Кыргыз Республикасында замандын талабын жана эл аралык стандарттарды чагылдырган жаңы Эмгек кодекси күчүнө кирди.
Урматтуу кыргызстандыктар! 1-Май сиздерге шыктануу, жасаган ишиңиздерге сыймыктануу сезими менен бирге келечекке болгон ишеним тартууласын. Ар бир жарандын эмгеги баалансын жана татыктуу болсун! Өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыздарга, чыдамкай, күжүрмөн эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем.Кыргызстаныбыздын келечекте өркүндөп өнүгүүсүнө ар бирибиз өз эмгегибиз менен салым кошолу.Эмгек, тынчтык жана эл достугу күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!-деп айтылат куттуктоодо.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




