Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли көз жумду

  • 2 года мурун

Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли 11-январдын таңында Италияда көз жумду. Бул тууралуу Сассолинин маалымат катчысы Роберто Куило билдирди.

Италиялык саясатчы ооруканада экенин 10-январда Европарламент бышыктаган. Билдирүүдө ал «иммундук системанын иштөөсү бузулгандан улам абалы оорлошуп ооруканага жаткан» деп жазылат.

65 жаштагы Сассоли 2009-жылдан бери Европарламенттин мүчөсү болгон. 2019-жылы Европарламенттин төрагалыгына шайланган. Сассолинин кызматтагы мөөнөтү ушул айда аяктамак.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты