Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Европарламент делегациясы менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттарын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, Акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева менен бирге тосуп алышты.
Тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууну талкуулашты. Айрыкча, сөз эркиндиги, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууну, аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоону жана зордук-зомбулукка жол бербөөнү талкуулашты. Мындан сырткары, эрте никенин алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.
Андагы маалыматта айтылгандай, Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев институттун адам укуктарын коргоодо жасаган иштерине токтолду.
“Акыйкатчы институту адам укуктарынын сакталышы, сот адилеттүүлүгү жана күнөөсүздүк презумпциясынын сакталышына такай мониторинг жүргүзүп турат. Мониторингдин жыйынтыгында аныкталган укук бузууларга мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп келебиз. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо дайыма биздин көңүл борборубузда” деди Жоробаев.
Жоробаев Европарламенттин расмий делегациясынын өкүлдөрүнүн көңүлүн Акыйкатчы Институту менен Кыргызстандын парламентинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө бурду.
“Учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору демилгеленүүдө, бул институттун “А” статусун алуусу үчүн маанилүү кадам болот” деди Акыйкатчынын орун басары.
Делегациянын жетекчиси, Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы тууралуу кенен маалымат бергенине ыраазычылык билдирди.
“Биз “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынып, сиздердин адам укуктарын коргоодогу маанилүү миссияңыздарды аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ишенебиз” деди Мунир Сатури.
Сүрөт: Акыйкатчы басма сөз кызматы