ТИМ Европарламенттин Адам укуктары боюнча делегациясынын сапары жокко чыгарылбагандыгын билдирди
- 1 месяц мурун
Тышкы иштер министрлиги 7-февралда Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури тарабынан жасалган билдирүүдө фактылар туура эмес берилгенине таң калуусун жана макул эместигин билдирди.
Кыргыз Республикасы Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин делегациясынын сапары жокко чыгарылбагандыгын түшүндүрдү. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан, аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган.
Бул тууралуу 8-февралда тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) Кыргыз Республикасындагы Европа бирлигинин өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу учурунда айтылды.
Мындан тышкары тышкы иштер министрлиги, бул маалымат ЖМКларда жарыялангандан кийин президент Жапаров Европа парламентинин делегациясын каалаган убакта Кыргызстанга келүүгө жана өлкөдөгү чыныгы кырдаал менен таанышууга чакыруу тапшырмасын бергенин маалымдады.
Сүрөт: ТИМ