Европарламент Армениянын ЕБге талапкер макамы боюнча резолюция кабыл алды

  • 1 месяц мурун

Европарламент Арменияга Европа биримдигине (ЕБ) мүчөлүккө талапкер макамын берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган резолюция кабыл алды.

Демилгеге 504 депутат «макул», 4 депутат «каршы» жана 32 депутат «калыс» добуш берди.

Резолюцияда Орусия Армениянын экономикасына олуттуу таасир тийгизип жатканы, ошондуктан Ереван Москванын Евробиримдиктин санкцияларын айланып өтүп жатканына көңүл бурушу керектиги айтылат.

Европарламент европалык компанияларды жана инвесторлорду Армения менен экономикалык байланыштарды жана соода алаканы чыңдоого чакырды. Резолюциянын авторлору Еревандын өтүнүчүн канааттандырууга жана армян куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүүгө чакырышат.

Резолюцияда акыркы жылдары Арменияда олуттуу саясий өзгөрүүлөр болуп, өкмөт демократиялык институттардын иштешин камсыздоо милдетин алганы айтылат.

Документте Армениянын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчөлүгүн токтоторун билдиргени айтылат. Резолюциянын авторлору мындай жол менен өлкө Орусияга болгон көз карандылыгын азайтууга аракет кылып жатканын белгилейт.

Резолюцияда Азербайжандын аскердик операциясынан кийин Карабактын аймагынан армяндардын жапырт түрдө көчүп кеткени да эске салынган. Европарламент жергиликтүү калктын укуктарын сактоо менен Баку жана Ереван ортосунда туруктуу тынчтык орнотуу аракеттерин активдүү колдой турганын билдирди.

Депутаттар ЮНЕСКОну Карабактагы армяндардын маданий мурастарын сактоо жана коргоо боюнча тез арада чара көрүүгө чакырышты.

Европарламенттин резолюциясы Еревандын Москвага карата сынчыл билдирүүлөрүнүн фонунда кабыл алынды. Тактап айтканда, Армения ЖККУга мүчөлүгүн токтотушу мүмкүн экенин эскертсе, премьер-министр Никол Пашинян бир нече ай мурун Москва «армян калкын өкмөттү кулатууга ачык чакырганын» айткан.

Мындан тышкары Армения жакын арада Еревандагы Звартноц аэропортунан орус чек арачыларын чыгарарын эскерткен.

Москва өз кезегинде Еревандын билдирүүсүн терс натыйжалуу риторика деп атап, Батыш өлкөлөрүн Арменияга кысым көрсөтүүдө деп айыптады.

Бул арада Батыш өлкөлөрү Орусияны үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде Армения аркылуу санкцияларды айланып өтүп жатат деп айыптоодо. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул өлкө Москва үчүн санкцияларды айланып өтүүдө эң ири «борборлордун» бири болуп калды. Расмий маалыматтарга караганда, Армениядан Орусияга товарлардын экспорту 85% өскөн, анын 80% реэкспорт болуп эсептелет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты