Европарламент Борбор Азия боюнча резолюция кабыл алат

  • 4 месяца мурун

17-январда Страсбургда Европарламенттин 2024-жылдагы алгачкы сессиясында Борбор Азия боюнча резолюциянын долбооруна добуш берилет.

Резолюциянын долбоору кыйноо жана адам укуктарынын бузулушу боюнча башка арыздарды көз карандысыз жана кылдат иликтөөгө чакырат.

Резолюциянын долбоорунда журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер “экстремизм”, “жалган маалымат таратуу” жана “жек көрүүчүлүктү козутуу” беренелери боюнча куугунтукталып жатканы белгиленген.

Документтин демократия жана адам укуктары маселелерине арналган бөлүгү Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү делегацияларын жеринде кырдаалга жигердүү байкоо жүргүзүүгө, сот жараяндарына катышууга, укук коргоочулар менен иштешүүгө, саясий куугунтукка реакция жасоого үндөйт.

Былтыр 28-ноябрда Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитети резолюция долбоорун көпчүлүк добуш менен колдогон.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты