Европа соту Навальныйга 40 миң евро кенемте өндүрүп берүү чечимин чыгарды

  • 1 год мурун

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлиги оппозициячы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзбөгөнү үчүн саясатчыга 40 миң евро өлчөмүндө кенемте өндүрүп берүү чечимин чыгарды.

Бул каражатты Орусия төлөп бериши керек, бирок Москва мындай сот чечимдерин аткаруудан баш тартып келет. Өлкө президенти Владимир Путин былтыр жайында кол койгон мыйзамга ылайык, Орусия аталган соттун 2022-жылдын 15-мартынан кийинки чечимдерин аткарбайт.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун өкүлү «Рейтерс» агенттигине орус бийлигинин мындай чечими Навальный ууландырылгандан кийин чыккандыктан, аны аткарышы керек деп билдирди.

Соттун 6-июнда жарыяланган чечиминде «орус бийлиги жүргүзгөн иликтөө жабык болгонун жана жабыркаган адамдын соттук териштирүүгө катышуу укугун эске албаганы аныкталганы» белгиленген.

«Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун жардамы менен аныкталган далилдер Навальный «Новичок» деген шал кылуучу химиялык затка ууланганын көрсөтүп тургандыктан, Орусия химиялык курал тууралуу конвенциянын катышуучусу болгонуна байланыштуу бул факт боюнча кылмыш ишин козгошу керек болчу» деп жазылган соттун чечиминде.

2020-жылы Орусияда «Новичок» химиялык затына ууланып Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты