Европа Биримдиги билим берүү тармагын колдоо үчүн Кыргызстанга 7 миллион евро бөлүп берди

  • 7 месяцев мурун

6-октябрда Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттик колдоо аркылуу билим берүү тармагынын колдоо максатында 7 миллион евро же дээрлик 665 миллион сом бөлүп берди.

Бул 2023-2026-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттик колдоо программасына бөлүнгөн 27 миллион евронун биринчи төлөмү болуп саналат.

Программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын, гендердик теңдикти жана көп тилдүү билим берүүнү жакшыртууга жана мамлекеттик каржыны башкарууну күчөтүүгө багытталган.

Каржы министрлиги гранттык каражатты билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, окуу китептери менен камсыздоого жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоого багыттады.

Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мэрилин Йосефсон төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Бардыгы үчүн жеткиликтүү билим берүү системасы Кыргызстандын өкмөтү менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын негизги приоритети болуп саналат жана бул Евробиримдиктин Кыргызстандын өнүгүү күн тартибин колдоого бекем умтулуусун чагылдырат”.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты