Европа банктары Кыргызстанга “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 миллиард доллар бөлүүгө даярдыгын билдиргени айтылды
- 1 месяц мурун
Европа банктары Кыргызстанга “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр.
Бул тууралуу 9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын Брюссель шаарына барып, «Global Gateway» форумуна катышканда белгилүү болгондугу тууралуу экономика министрлиги билдирди.
Форумдун алкагында министр Таалайбек Ибраев эл аралык каржы уюмдар, Казакстандын энергетика министри Е.Аккенженов жана Өзбекстандын энергетика министри Ж.Мирзамахмудов менен жолугушуу өткөрүп, «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруусун талкуулашты.
Бул жолугушууда Европа биримдиги кылым долбоору «Камбар-Ата-1 ГЭСин» ишке ашырышын жана курулушун колдоорун билдирди. Мындан улам ЕБ долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга жалпы 2,4 миллиард доллар бөлүүгө макулдугун билдирип, үч мамлекет менен эки тараптуу документке кол койду.
Анын ичинен Европа биримдиги Кыргызстанга 1 миллиард доллар бөлүүгө даярдыгын билдирген кийин, эки меморандумга кол коюлду. Алар:
1 Кыргыз Республикасыныны Энергетика министрлиги менен Европа инвестициялык банктын ортосунда «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Аталган документке энергетика министри Т.О.Ибраев жана Европа инвестициялык банкынын башкы директору Эндрю Мак Довелл кол койду.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында долбоорду 500 млн АКШ долларга чейин каржылоо маселеси макулдашылды.
2. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено Бассонун катышуусунда Кыргыз Республикасыныны Энергетика министрлиги менен Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банктын ортосунда «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун каржылоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Хусейн Озхан кол койду. Анда долбоорду 500 млн АКШ долларга чейин каржылоо макулдашылды.
«Global Gateway» форумуна ар өлкөнүн жогорку даражагы өкүлдөрү, бизнес-чөйрө жана эл аралык каржы уюмдары катышты. Форумун негизги максаты эл аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




